Мамлекеттик салык кызматы шылуундардан сак болууга чакырат

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.

 

Белгисиз адамдар өздөрүн салык кызматкери катары көрсөтүп, мессенджерлер аркылуу салык кызматынын жетекчисинин мөөрү жана кол тамгасы менен жасалма билдирүүлөрдү жөнөтүшүүдө. Анда алар салык төлөөнү талап кылышат.

 

Мамлекеттик салык кызматы социалдык тармактар ​​жана мессенджерлер аркылуу салык төлөөчүлөргө расмий билдирүү жөнөтпөй турганын белгилейт. Мындан улам жарандарга сак болуп жана шектүү талаптардын негизинде акча которбоо сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.