Кыргызстанда сыйлык берүү системасы мыйзам менен жаңыртылып, мындан ары аны татыктууларга гана берүү принциби сакталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
Жаңы мыйзамга ылайык, сыйлыктардын саны оптималдаштырылып, алардын салмагы артты.
Жапаров 9-сентябрда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, «өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн» ондогон адам сыйланган.



