Бишкекти «Манас» эл аралык аэропорту менен байланыштыра турган альтернативдик унаа жолдун курулушу уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө объектте асфальт-бетон төшөөгө даярдык көрүү, инженердик коммуникацияларды тартуу жана бордюрларды орнотуу иштери аткарылып жатат.
Курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин аяктоо пландалууда.



