“Манас” аэропортунда айрым чектөөлөр киргизилди

“Манас” аэропортунда айрым чектөөлөр киргизилди. “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта коштоп жүрүүчүлөр аба майдандын аймагына киргизилбейт, аэробекет имараты бир гана жүргүнчүлөргө жеткиликтүү. Ошондой эле эми ички каттамдар залы аркылуу бир эле кирип/чыгуу бар. 10-октябрда аэропорттун алдындагы парковка жабылат.

 

Унаалар үчүн аба майдандын маңдайында жер бөлүндү. Бул өзгөрүүлөр аэропорттун бир бөлүгү реконструкцияга жабылганына байланыштуу.