«Кыргызстан аэропорттору» мамлекеттик ишканасы билдиргендей, аба майдан бүгүн түнкү саат 10го чейин жабык болот. Мунун себеби Бишкек шаарында кырсыкка кабылган учактын айланасындагы жагдайга байланыштуу.
Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт, видеолордон көрүнүп тургандай, учак канаты сынып, жерге жатып калган. Анын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылды. Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок.
Самолет Бишкектен Ошко учуп баратканы айтылды. Учакта 181 жүргүнчү, ошондой эле эки пилот жана төрт борт коштоочу болгон. Окуянын себептери такталууда.
Авиакомпания кыргыз футбол курама командасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт.



