Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнөн билдиришти. Ага ылайык, 24-майдагы жаандан кийин сел жүрүп, калаадагы 27 турак жайдын короосун, төрт үйдүн ичин суу каптап, көп кабаттуу жети батирдин короосуна суу кирген. Жабыркагандар жок. Селдин кесепетин жоюу иштерине жалпы 217 адам чыкты.



