Манас шаарында №21 мектептин курулушу уланууда. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, үч кабаттуу имарат 375 орунга ылайыкталган, бирок эки нөөмөт менен 800гө чейин окуучу окуй алат.
Жаңы мектепте окуу корпусу, жыйындар залы жана ашкана болот. Учурда терезелер орнотулуп, ички курулуш иштери жүрүп жатат. Жалпысынан Манас аймагында алты жаңы мектеп курулууда.



