Жалал-Абад облусунун Манас шаарында «Акылман» президенттик лицейи ачылды. Өкмөттөн билдиришкендей, жаңы билим уясы 410 окуучуга ылайыкталган.
Учурда үч этаптуу сынактан өткөн 144 окуучу 7-8-класстарга кабыл алынды.
Лицейде 35 заманбап класс, профилдик лабораториялар, спорт залы, бассейн, актовый зал жана спорт аянтчасы бар.
«Акылман» лицейин бүткөн ар бир окуучуга адистикке ээ болгондон кийин жумуш менен камсыз кылууда артыкчылык берилет.



