Манас шаарында катуу шамал менен нөшөрлөгөн жаан зыянга учуратты

Манас шаарында катуу шамал менен нөшөрлөгөн жаан зыянга учуратты.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыгынан жети көп кабаттуу үйдүн чатыры жабыркап, бак-дарактар кулап, сегиз үйдүн короосун суу каптады.

 

Кулаган бактардан эки адам жабыркаган. Алардын абалы канааттандырарлык. Жаан-чачындан улам жол кесилишин жана курулуп жаткан мечиттин пайдубал чуңкурун да суу каптаган. Учурда кесепеттерди жоюу иштерине 79 адис жана 12 техника тартылып, аймактар тазаланууда. Абал көзөмөлдө.