Манас шаарында Роза Азимова атындагы мектептин 500 орундуу жаңы имараты курулууда.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, иш ушул жылдын март айында башталган. Учурда курулуштун 60 пайызы аткарылды. Имаратты жылуулоо, чатырын жабууга даярдык жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Объектте 100дөн ашык куруучу эмгектенүүдө.



