Манас шаарында жаңы мектеп курулууда

Манас шаарында жаңы мектеп курулууда. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, объект Ак-Тилек кичи районунда жайгашат. Имаратта окуу класстары, эмгек кабинеттери, ашкана, китепкана жана акты, спортзалдар бар.

 

Учурда мектептин пайдубалы куюлуп, дубалдарын тургузуу иштери башталды. Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн.