Манас шаарындагы №21 мектепке 375 орундуу кошумча корпус курулууда. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери кызуу уланууда.
Башкы планга ылайык, жаңы имараттын жалпы аянты 2,5 миң чарчы метрди түзүп, 3 кабаттан турат. Анда заманбап окуу класстары, жыйындар залы, лаборатория, китепкана, ошондой эле ашкана каралган.



