Манастын айкели ордуна май айында коюлат

Манастын айкели ордуна май айында коюлат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда объекттин постаментинин курулушу уланууда.

 

Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы Манастын айкели турган жерде реконструкция иштери 16-январда башталып, эстелик убактылуу муниципалдык базага көчүрүлгөн.

 

Эске салсак, борбордук аянттагы Манастын айкели Эркиндик статуясынын ордуна 2011-жылы тургузулган. Анын бийиктиги 17,5 метрди түзөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.