Кыргызстанда дары-дармек жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр үчүн жеңилдетилген насыялоо долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражатты өндүрүш аянттарын жаңылоого, жаңы имараттарды курууга жана оңдоого, жабдууларды сатып алууга, сапатты көзөмөлдөөчү лабораторияларды түзүүгө жана адистерди окутууга жумшоого болот.
Насыялар жылдык 3 жана 5 пайыздык үстөк менен 10 жана 12 жылга чейин берилет. Ошондой эле негизги карызды төлөө боюнча 24 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.
Программа фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун чыңдоого багытталган.



