Медициналык калдыктарды эми коопсуз унаалар ташыйт

Бишкекте баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарга медициналык калдыктарды коопсуз ташуу үчүн 10 адистештирилген унаа тапшырылды.

 

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, техника биологиялык коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берет. Алар герметикалык кузов, муздаткыч жабдуу, гидравликалык көтөргүч, контейнерлерди коопсуз бекитүү жана ички дезинфекциялоо тутуму менен жабдылган.

 

Транспорттор жети облустагы саламаттык сактоо мекемелерине берилди.