Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлоруна жана завучтарга онлайн тренинг өткөрүүдө. Катышуучуларга 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнүн механизмдери тууралуу айтылат.
Тренингдер 25-февралга чейин уланат. Андан соң ар бир мектепте ата-энелердин чогулушу болуп, улуттук билим берүү системасын калыптандырууга багытталган негизги чечимдер жана жаңылануулар тууралуу маалымат берилет.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



