Мектептерде штаттагы психологдор иштей баштайт

Кыргызстандын бардык мектептеринде штаттагы психологдор иштей баштайт. Мындай чечимди Министрлер кабинети кабыл алды.

 

Өзгөртүү балдардын психикалык саламаттыгын сактоого жана чыңдоого багытталган.

 

Буга чейин психологдор жергиликтүү бюджеттен каржыланган Бишкек шаарындагы мектептерде гана иштечү. Ал эми аймактарда бюджеттик каражаттын тартыштыгынан мындай адистер жок болчу.