Мектептердеги коопсуздукту 5 миңден ашык милиция камсыздап жатат

Өлкөнүн мектептеринде коопсуздукту 5 миңден ашык милиция кызматкери камсыздап жатат.

 

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, алар сейил бактарда, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде да иштейт.

 

Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл бурулууда. Айдоочуларга мектептердин жанынан этият болуу, ал эми ата-энелерге балдарды транспортко отургузуу жана түшүрүү учурунда алардын коопсуздугун көзөмөлдөө сунушталат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.