Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнүн алкагында чыгарылган жаңы китептер аймактарга жеткирилип баштады

Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнүн алкагында чыгарылган жаңы китептер аймактарга жеткирилип баштады. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

 

Анын айтымында, учурда “Учкун” басманканасында 3-9-класстар үчүн англис тили боюнча окуу-методикалык топтомдор чыгарылып жатат. Жалпы нускасы 2 миллионду түзөт. Андан кийин математика жана табигый илимдер китептери басылат. Министр быйыл жалпысынан окуу куралдарын чыгарууга 744 миллион сом бөлүнгөнүн кошумчалады.