Милиция мектептердин айланасында коопсуздукту камсыздоо чараларын күчөттү.
Кызматкерлер жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөп, окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Айдоочулардан мектептердин жанынан өткөндө өзгөчө этият болуп, ылдамдыкты азайтуу талап кылынат. Ата-энелерге балдарына жолдо коопсуз жүрүм-турум эрежелерин эскертип, үйдөн мектепке чейинки коопсуз жолду чогуу тандап алуу сунушталат.



