Министрлер кабинети Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга 17 гектар жер бөлүп берди

Министрлер кабинети Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга 17 гектар жер бөлүп берди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

 

Курулуш үчүн ордо калаанын Октябрь районунун түштүк тарабындагы сугат айдоо жерлери бөлүнүп, алар расмий түрдө калктуу конуштардын категориясына өткөрүлдү. Бул аймакта заманбап көп кабаттуу турак жайларды куруу пландалууда.