Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жаңы түзүлгөн мекеме жарандык авиация чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашырат жана бул тармактагы уюмдарынын ишин жөнгө салат.

 

Агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу болуп Александр Настаев дайындалды.