Мэрлер менен акимдер жылына эки жолу эл менен жолугууга милдеттендирилди

Кыргызстанда мэрлер менен акимдер жылына эки жолу эл менен жолугууга милдеттендирилди. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.

 

Документти Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 10-июнунда кабыл алган. Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары-акимдер калк менен жылына эки жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.

 

Аталган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.