Мобилдик интернетти колдонбоо психикалык саламаттыкты жакшыртат

Мобилдик интернетти колдонбоо психикалык саламаттыкты жакшыртат. Мындай тыянакты Канада жана АКШнын окумуштуулары чыгарышты.

 

Алар 467 адамдын катышуусунда изилдөө жүргүзүшкөн. Ага ылайык, катышуучулардын телефонуна эки аптага интернетти бөгөттөгөн тиркеме орнотушкан.

 

Мобилдик интернет өчүрүлгөндө алардын жашоосунда, психикалык саламаттыгында оң көрсөткүчтөр байкалган, ошондой эле адамдардын көңүл буруу жөндөмдүүлүгү жакшыргандыгы аныкталган. Бирок 467 кишинин ичинен 119у мобилдик интернетти өчүргөнгө 10 күн гана чыдаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.