Чүй облусунун Москва районунда заманбап тоок фабрикасы ачылды.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоорду ишке ашырууга 450 млн сом инвестиция тартылып, ишканада 145 жаңы жумуш орду түзүлдү.
Заманбап өндүрүш ишканасынын ишке кириши аймактагы айыл чарба жана өндүрүш тармагын өнүктүрүүгө, жумуш орундарын көбөйтүүгө жана жергиликтүү экономиканын өсүшүнө шарт түзөт деп күтүлүүдө.



