Мототранспорт каражаттарынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парктарга, көл жээктерине жана жайыттарга кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилет

 

Мототранспорт каражаттарынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына, парктарга, көл жээктерине жана жайыттарга кирүүсүнө жана жүрүүсүнө чектөө киргизилет.

 

Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Мында мамлекеттик органдардын кызматтык унааларына, илимий жана маданий иш-чараларда колдонулган техникаларга, ошондой эле жергиликтүү тургундардын кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган электр мототранспорт каражаттарына уруксат берилет. Токтомдун аткарылышын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көзөмөлдөйт.