Мугалимдердин отчет иштери азаят

Агартуу министрлиги санариптештирүүнүн алгачкы этабында мурда кол менен толтурулган 46 отчеттун 30у толугу менен жоюларын билдирди.

 

Ошондой эле “Күндөлүк” системасы келерки окуу жылынан тарта толук колдонууга берилет. Ушул сыяктуу эле “Мугалим” системасында мугалим тууралуу маалыматтар болот.

 

Мектептин имараттарынын абалы, техникалык жабдуулары үчүн да өзүнчө портал иштейт.

 

Мындан тышкары “Санарип аттестат”, “Санарип диплом” порталдары ишке берилет. Ал эми жыл аягына чейин “Маалыматтык башкаруу системасы” ишке кирип, билим берүү боюнча башка мекемелерге берилчү отчеттор толугу менен жокко чыгат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.