Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептин концерттик залы пайда болот

Бишкекте Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын концерттик залы пайда болот. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев инвесторлор менен курулуш долбоорун талкуулады.

 

Комплекстин курамында 600 орундуу чоң концерттик зал, 200 орундуу чакан концерттик зал, музыкалык музей, музыканы өнүктүрүү жана билим боюнча ресурстук борбор, репетиция аянты, көргөзмө жайы жана жыйындар залы болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.