Нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 21-22-майда катуу жааган жаандан кийин  Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айылдарында сел жүрүп, ички жолдорду, чарбачылык көпүрөнү агызып кетти.

 

Андан тышкары, 29 үйдүн короосун суу каптады. Жеринде жарандык коргонуу кызматы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иштеп жатат.