“Нарын” аэропорту август айында колдонууга берилет

“Нарын” аэропорту август айында колдонууга берилет. “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, аба майдандын учуп-конуу тилкеси оңдолуп жатат.

 

Ал эми аэровокзал имараты толугу менен курулуп бүттү. Эске салсак, Нарын аэропорту 1964-жылы ишке кирген, бирок 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган. Калыбына келтирүү иштерине 90 миллион сом багытталды.