«Нарын» аэропорту жакында ачылат

“Нарын” аэропорту жакында ачылат.

 

“Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, жумушчу комиссия текшерүү учурунда инфраструктуралык объектилерге, учуп-конуу тилкесинин абалына, жабдууларга жана коопсуздук системаларына баа берди. Өзгөчө көңүл авиация тармагындагы эл аралык стандарттарды сактоого бурулду.

 

«Нарын» аэропорту Кыргызстандын башка аймактары менен түз аба каттамдарын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын маанилүү звеносуна айланат деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.