Нарын облусун таза суу менен камсыздоо максатында Азиялык өнүктүрүү банкы кошумча 32 миллион доллар бөлүп берет

Нарын облусун таза суу менен камсыздоо максатында Азиялык өнүктүрүү банкы кошумча 32 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде биринчи окууда жактырылды.

 

Эске салсак, буга чейин облустагы 43 айылды таза суу менен камсыздоого кредит алынган, бирок 23 айылда иштерди жасоого каражат жетпей калгандыктан, долбоорду жыйынтыктоого дагы 32 миллион 350 миң доллар алынат, анын 27 миллиону насыя болсо, калганы кайтарымсыз грант болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.