Нарын облусунда “Салкын-Төр” эс алуу базасы жана “Бугу-Марал” коругу ремонттолот

Нарын облусунда “Салкын-Төр” эс алуу базасы жана “Бугу-Марал” коругу ремонттолот.

 

Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Иштер туристтерге жакшы шарттарды түзүү максатында жасалат.

 

Коруктагы оңдоо жана калыбына келтирүү иштери башталды, буга жергиликтүү өнүктүрүү фонду тарабынан 5,5 миллион сом бөлүндү. Ал эми “Салкын-Төр” базасы боюнча долбоор даярдалды.