Нарын облусунда сегиз жаңы энергетикалык объекттин курулушу пландалууда

Быйыл Нарын облусунда сегиз жаңы энергетикалык объекттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

 

Иштер Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат жана облустун инфраструктурасын жакшыртууга, энергетика тармагын өнүктүрүүгө жана ишкананын кызматкерлерине эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.