Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы бала бакча курулууда. Курулуш, архитектура жана коммуналдык турак-жай министрлигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Баетов айылында жайгашат.

 

Имарат  240 орунга эсептелет. Долбоор мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып,  179 миллион сом каралган.