Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын — Баетов унаа жолунун 84–115-чакырымдарында курулуш иштери уланууда.
Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, узундугу 31 чакырым болгон тилкенин 25 чакырымына асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат.



