Нарын облусунун дээрлик 85 пайызы таза суу менен камсыздалды

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2020-2029-жылдар аралыгында ишке аша турган таза суу долбоору аймактагы 43 айылды камтыйт. Анын жалпы суммасы 72 млн долларды түзөт жана эл аралык институттар каржылайт.

 

Ошондой эле республикалык бюджеттен да каражат бөлүнүп, 18 айыл долбоорго киргизилган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.