Нарын облусунун Жумгал районунда музыкалык мектептин курулушу аяктап калды

Нарын облусунун Жумгал районунда музыкалык мектептин курулушу аяктап калды. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект Чаек айылында жайгашкан.

 

Имаратта окуу корпусу, музыкалык аспаптарды сактоо жайы, акты залы, китепкана жана үн жаздыруу студия бар. Учурга карата курулуш иштери дээрлик 90 пайызга аяктады. Объект жыл аягына чейин ачылат деп күтүлүүдө. Курулушка мамлекеттик бюджеттен 57 миллион сом бөлүнгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.