Нарын — Өрүктам унаа жолу жазга чейин жабылды

Нарын — Өрүктам унаа жолу жазга чейин жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп анын 50-чакырымынан 70-чакырымына чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.

 

Жол коопсуздугун камсыздоо максатында аталган бөлүк 2026-жылдын 15-апрелине чейин жабык болот. Бул жерде кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Айдоочуларга альтернативалык вариант катары Сары-Булак — Арчалы — Өрүктам каттамы сунушталат.