Нарын шаарына кире бериштеги чоң көпүрөнүн деформациялык шофторун оңдоо иштери башталды.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, көпүрө Жаңы-Жол – Нарын айланма жолунда жайгашкан.
Ушул тапта жолдогу аң-чөнөктөрдү жамоо жумуштары жүрүүдө. Жакынкы күндөрү тийиштүү адистер көпүрөнү толук коопсуз абалга келтирүү үчүн жалпы сметасын даярдап, талапка ылайык технологиялар менен иштер аткарылат.



