Нарын шаарында 100 орунга ылайыкталган төрөт үйү курулууда.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Үч кабаттуу имарат керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалып, ашкана, дарыгердин кабинети жана стерилдөө бөлмөлөрү жайгаштырылат.



