Нарын шаарында жол чырактар орнотулууда

Мэриядан билдиришкендей, жол чырактар шаардын борбордук Ленин көчөсүнө коюлуп, жол чийиндери чийилүүдө.

 

Мындан тышкары, мектеп, бала бакчалардын жанындагы жөө өтмөктөр жаңыртылып, негизги кесилиштерге, жөө өтмөктөргө түнкүсүн күйгөн эскертүүчү белгилер орнотулду.