Нарын шаарында Жусаев атындагы паркты реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Долбоордун алкагында эс алуу аймагында спорт аянтчалары, балдар ойноочу жайлар, ачык амфитеатр жана жасалма көлмөлөр курулат.
Андан тышкары, паркка бийиктиги 47 метр болгон жаңы аттракцион орнотулат.



