Нарын шаарындагы айланма жол убактылуу жабылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жол Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 346-чакырымындагы курулуш иштерине байланыштуу жабылды.

 

Ага ылайык, аталган тилкеде бардык унаалардын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет.

 

Айдоочулар маршруттарын алдын ала пландап алышы керек.