Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды

Нарын-Жаңы-Жол унаа жолу ачылды.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей,  №41 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү жана коопсуз абалга келтирүү боюнча иштер аткарылып, учурга карата трасса аркылуу унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө. Эске салсак, Нарын-Жаңы-Жол жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо боорунан шагыл аралаш таштар кулап, жолдо кооптуу абал жаралган.