Нарында аэропорттун курулушу уланууда. Министрлер кабинетининен билдиришкендей, учурда аэродромдун асфальт-бетондук катмарын реконструкциялоо, учуп-конуу тилкесин жаңыртуу жана парковка аймагын түзүү иштери жүрүп жатат.
Бардык пландалган жумуштар аягына чыккандан кийин жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, ички аба каттамдарын жандантуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.



