Нарында Нооруз майрамын өткөрүүгө жана имараттардын фасаддарын жаңылоого 200 миллион сом бөлүнгөн

Нарында Нооруз майрамын өткөрүүгө жана имараттардын фасаддарын жаңылоого 200 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров билдирди.

 

Анын айтымында, каражат президенттик фонддон бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, быйыл Нооруз майрамы кеңири масштабда Нарын шаарында өткөрүлөт. Иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышат.