Нарында облустук, шаардык жана райондук прокуратуранын жаңы имараттары курулууда

Нарын шаарында облустук, шаардык жана райондук прокуратуранын жаңы имараттары курулуп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан курулуп жаткан имараттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

Нарын шаарынын А.Молдоев көчөсү 170/5 дарегинде райондук, С.Жакыпов 17де шаардык, ал эми  Ленин көчөсү 105 дарегинде облустук прокуратуранын имараты курулууда.

Бүгүнкү күндө жылуулук тармактарын орнотуу иштери аяктап, электр-техникалык бөлүгү толук аткарылды. Ошондой эле фасадды жылуулоо, сырттагы суу түтүк линиясын төшөө иштери аткарылууда.

Курулуш иштери бардык техникалык талаптарды аткаруу менен, сапат стандарттарынын негизинде улантылып жатат.