Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, анын алкагында Октябрдын 60 жылдыгы, Тамчы-Булак, Чоң-Таш, Рыскулов, Оттук, Оттук-2 жана Тянь-Шань көчөлөрүндө жаан-чачын сууларын агызуучу арыктар жана лотоктор курулат.
Ошондой эле суу топтолгон жерлерге өткөрүүчү шакекчелер коюлат.
Долбоорду каржылоо «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна сунушталган.



