Нарында төрт капчыгайда селден коргоочу курулуштар салынып башталды.
Мэриянын маалыматына караганда, иштер Жетиген, Чоң-Чыргайлуу, Атакан жана Суу-Сактагыч тилкелеринде жүргүзүлүүдө.
Бул жерлерге таш менен толтурулган тор тосмолор орнотулуп, сел агымдарын тосот. Курулуштар турак үйлөрдү, жолдорду жана шаардык инфраструктураны коргоого, ошондой эле шаардын климаттык тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга жардам берет.



